Жаңылыктар

27.03.2024 13:10

   Кароолор: 194

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

 

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 28-29-мартында күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу