Жаңылыктар
25.03.2024 12:41
Кароолор: 840
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
КАР КӨЧКҮСҮ ЖАНА КАР КҮРТКҮСҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 28-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна:
– Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113 чак. (Чапчыма ашуусуна), Кызыл-Бел-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымына;
– Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымынын (Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына).
Аталган аймактарга кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР