Жаңылыктар

18.03.2024 12:37

   Кароолор: 1026

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

❗️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

 

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-19-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

✅УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

☎️Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу