Жаңылыктар

20.02.2024 17:27

   Кароолор: 422

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

 

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 21-февралдан 22-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү күтүлүүдө.

✅ Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу