Жаңылыктар

22.01.2025 12:37

   Кароолор: 764

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ЖОЛДОРДО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮCҮ КҮТҮЛӨТ

Бүгүн, 22-январдан 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ошондой эле аба ырайы тууралуу алдын ала эскертүүлөргө жана жолдордун абалына көңүл буруңуз. Кырсыкка учурасаңыз же күбө болсоңуз 112 бирдиктүү номерине чалыңыз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу