Жаңылыктар
31.10.2025 16:00
Кароолор: 86
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ЖААН КАРГА АЙЛАНЫП, ҮШҮК ЖҮРӨТ
Үстүбүздөгү жылдын 4-5-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
6-ноябрь күнү түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР