Жаңылыктар
27.03.2025 13:04
Кароолор: 296
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ЖААН КАРГА АЙЛАНЫП, ҮШҮК ЖҮРӨТ
Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында жана 29-март түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 28-30-марттарда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР