Жаңылыктар

06.08.2024 12:28

   Кароолор: 572

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ЫСЫК-КӨЛ, НАРЫНДЫН ТООЛУУ АЙМАКТАРЫНДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 7-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

УРМАТТУУ ЖАРАНДАР, ЭС АЛУУЧУЛАР!

Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз.

Сиз өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!

Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу