Жаңылыктар
14.05.2025 13:11
Кароолор: 11
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ЫСЫК АПТАП КҮТҮЛҮҮДӨ!
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 16-17-майларында ысык аба-ырайы күтүлөт:
– Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин;
– Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР