Жаңылыктар

31.03.2024 09:57

   Кароолор: 315

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ҮШҮК ЖҮРҮШҮ, КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

✅ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

 

❗ҮШҮК ЖҮРҮШҮ, КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

 

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына кооптуу.

Ошондой эле 31-марттан 1-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-107 чак., Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 68-74, 86-101-чак. (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чак., Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу