Жаңылыктар

06.03.2025 12:20

   Кароолор: 1408

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! УНАА ЖОЛДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ

2025-жылдын 7-мартынан 10-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);

- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымы;

- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымы, -

- Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымы (Талдык ашуусу),

- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери),

- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу),

- Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу