Жаңылыктар
20.03.2024 11:53
Кароолор: 1174
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ УНАА ЖОЛДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
УНАА ЖОЛДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар :
Бишкек – Ош унаа жолунун
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун
55-115 чакырымы;
Ала-Бука – Каныш – Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымындары.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР