Жаңылыктар
31.07.2025 12:08
Кароолор: 193
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮҮ КООПТУУЛУГУ 4-АВГУСТКА ЧЕЙИН САКТАЛАТ
2025-жылдын 1-августунан 4-августуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Андыктан:
- коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР