Жаңылыктар
14.04.2026 11:06
Кароолор: 29
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН
2026-жылдын 15-апрелинин экинчи жарымында жана 16-17-апрель күндөрүнө чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаздын келиши менен республика боюнча табигый процесстер активдешүүсү күтүлөрүн байма-бай эскертип келүүдө.
Кырсыктан коргонуу жана алдын алуу үчүн төмөндөгү роликти көрүүнү сунуштайбыз.