Жаңылыктар
16.08.2025 10:50
Кароолор: 20
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
2025-жылдын 17-августунан 19-августуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Андыктан, ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону эскертет!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР