Жаңылыктар
25.06.2025 12:16
Кароолор: 449
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮП, ДАРЫЯЛАРДЫН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛҮШҮ ЫКТЫМАЛ
2025-жылдын 26-июнунан 27-июнуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:
сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР