Жаңылыктар
24.03.2025 10:15
Кароолор: 325
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР КҮРТКҮ ЖАНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮCҮ КҮТҮЛӨТ
Бүгүн, 24-марттан 26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Атап айтсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР