Жаңылыктар
05.11.2025 11:20
Кароолор: 59
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮCҮ ЖАНА КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛӨТ
2025-жылдын 5-ноябрынан 7-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет! Ошондой эле:
* унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз;
* алыскы жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз;
* унаалардын ортосундагы аралыкты (500 метрге чейин) сактаңыз;
* зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай туруңуз;
* кырсык болгондо күнү-түнү иштөөчү 112 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР