Жаңылыктар

23.03.2026 17:10

   Кароолор: 12

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ САКТАЛУУДА

2026-жылдын 24-мартынан 28-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 88-95-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);

- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;

- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);

- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

📌Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Кырсык болгон учурда “112” кызматына чалууну, зарылдык болбосо алыска жолго чыкпай турууну сунуштайт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу