Жаңылыктар
10.06.2025 12:21
Кароолор: 183
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ ӨРӨӨНДӨРДӨ СЕЛ ЖҮРӨТ!
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 10-июнь күндүн экинчи жарымында жана 11-июнунан 13-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Урматтуу жарандар!
Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар.
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.