Жаңылыктар
11.05.2025 16:15
Кароолор: 195
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ АЙМАКТАРДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН!
2025-жылдын 11-майында республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майында Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
УРМАТТУУ ЗАМАНДАШ!
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 номерине чалып билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР