Жаңылыктар

27.05.2025 12:09

   Кароолор: 293

❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ АЙМАКТАРДА СЕЛ ЖҮРӨТ

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 28-31-майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну эскертет! Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болуңуз.

Кырсыкка кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу