Жаңылыктар
15.04.2025 11:20
Кароолор: 1767
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ТООЛУУ АЙМАКТАРДА СЕЛ ЖҮРӨТ!
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 16-19–апрелдеринде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!
Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР