Жаңылыктар
27.11.2024 15:14
Кароолор: 432
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ АЙМАКТАРДА КАР ЖААШЫ КҮТҮЛҮҮДӨ
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда
Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР