Жаңылыктар
22.02.2026 11:52
Кароолор: 5
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: САК БОЛУҢУЗ, КАР КӨЧКҮ ТҮШӨТ!
ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 23-февралынан 26-февралына чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
- Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка - Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Арал - Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында;
- Арал - Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында;
- Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290 жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС- БОРБОР