Жаңылыктар
15.12.2024 10:50
Кароолор: 365
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ОШ – БИШКЕК ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ
Бүгүн, 15-декабрда эртең, 16-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР