Жаңылыктар
01.07.2025 15:03
Кароолор: 169
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ӨЛКӨНҮН КӨПЧҮЛҮК АЙМАКТАРЫНДА КҮН КАТУУ ЫСЫЙТ
2025-жылдын 3-5-июль күндөрү күндүн катуу ысышы күтүлөт. Абанын температурасы жогорулап, күндүз Чүй өрөөнүндө 35…40 градуска, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, ал эми Талас облусунда 33…38 грдус жогорулашы мүмкүн.
Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда чаңкоону кандырып, ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР