Жаңылыктар

08.04.2026 17:05

   Кароолор: 5

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ӨЛКӨДӨ ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫ КҮТҮЛӨТ!

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 2026-жылдын 9-апрелинен 14-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу