Жаңылыктар
10.03.2024 09:46
Кароолор: 958
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ӨКМ УНАА ЖОЛДОРУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨРҮН ЭСКЕРТЕТ!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
ӨКМ УНАА ЖОЛДОРУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨРҮН ЭСКЕРТЕТ!
2024-жылдын 10-мартынан 13-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чак. (Долон ашуусу);
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу️ унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;
Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР