Жаңылыктар
16.09.2025 14:26
Кароолор: 190
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫРДАН УЛАМ СЕЛ, СУУ КАПТОО КОРКУНУЧУ БАР
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 2025-жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин республика боюнча локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоосу мүмкүн.
УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!
Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта, дарыя жээктеринде эс алууну башка күнгө пландаңыз. Арык-каналдарды тазалап, жамгырдан топтолгон кыян сууларынын агып өтүүсүнө жол ачыңыз.
Өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз же кырсык учурунда “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР