Жаңылыктар

30.08.2024 12:20

   Кароолор: 684

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫР ЖААП, СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 2-сентябрында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

УРМАТТУУ ЖАРАНДАР, ЭС АЛУУЧУЛАР!

Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз.

Сиз өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!

Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу