Жаңылыктар
05.12.2024 14:42
Кароолор: 481
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КЫРГЫЗСТАНДА 8-9-ДЕКАБРДА АБА ЫРАЙЫ СУУКТАЙТ
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча үстүбүздөгү жылдын 8-9-декабрында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
8-11-декабрь күндөрү абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10...-15°, күндүз 4...-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6...-11°, күндүз -1...-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12...-17°, күндүз -2...-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18...-23°, күндүз -6...-11, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13...-18°, күндүз -5...-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27° градус суук, күндүз -13...-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30...-35°, күндүз -14...-19 грдуска чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР