Жаңылыктар

01.06.2025 11:11

   Кароолор: 180

‼️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ КҮНДҮН ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫНДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН!

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 1-июнунун күндүн экинчи жарымында жана 2-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

✅ӨКМ ЖАРАНДАРГА САК БОЛУУГА ЧАКЫРАТ!

♦️Бул күндөрү тоолуу өрөөндөрдө эс алуудан, жайлоого мал айдоодон баш тартыңыз! Зарылдыгы болбосо мындай пландоолорду башка күндөргө жылдырыңыз!

🔹Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу