Жаңылыктар
05.07.2025 07:10
Кароолор: 197
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ!
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
УРМАТТУУ ЖАРАНДАР
Шамал учурунда көрнөк-жарнактардан, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар!
Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР