Жаңылыктар
25.04.2024 15:20
Кароолор: 237
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ!
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
УРМАТТУУ ЗАМАНДАШ!
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.
Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР