Жаңылыктар
03.03.2025 16:25
Кароолор: 804
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАРАКОЛ–ЭҢИЛЧЕК ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮCҮ КҮТҮЛӨТ
Бүгүн, 3-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана катуу шамалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куймалары пайда болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ алыс жолдо жүрүүдө эрежелерди туура сактоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелишине жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР