Жаңылыктар
18.04.2025 10:06
Кароолор: 1170
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: КАРАКОЛ - ЭҢИЛЧЕК ЖОЛУНУН 45-90-ЧАКЫРЫМДАРЫНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮCҮ КҮТҮЛӨТ
2025-жылдын 18-апрелинен 20-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР