Жаңылыктар

21.04.2025 12:00

   Кароолор: 1103

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: КАРАКОЛ—ЭҢИЛЧЕК ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮ ЖАНА КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛӨТ

2025-жылдын 22-апрелинен 24-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

📌ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертет жана зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштайт!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу