Жаңылыктар
22.02.2024 18:30
Кароолор: 535
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАР КӨЧКҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
КАР КӨЧКҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 22-февралынан 25-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкүсү күтүлүүдө.
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР