Жаңылыктар
27.03.2026 17:23
Кароолор: 745
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ ЖАНА КАР КҮРТКҮ КОРКУНУЧУ САКТАЛУУДА
2026-жылдын 28-мартынан 2-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ эскертет!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР