Жаңылыктар

15.04.2024 14:53

   Кароолор: 131

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинен 18-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

🔺Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;

🔺222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

🔺Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;

🔺Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

✅АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

☎️Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу