Жаңылыктар
05.04.2024 13:22
Кароолор: 1170
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
 ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
 КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен 8-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
 АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!
АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!
Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
 Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
 КР ӨКМ
                        
                            КР ӨКМ                        
                     
                         
                                     
                                     
                    