Жаңылыктар
28.03.2024 15:28
Кароолор: 545
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан 1-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун:
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке —Кара-Кулжа — Алайкуу 74-107 чакырымы;
Ала –Бука – Каныш –Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Кызыл-Бел —Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымы;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы, Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР