Жаңылыктар

07.02.2024 12:09

   Кароолор: 853

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115- чакырымы, Ала –Бука – Каныш –Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

✅УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу