Жаңылыктар
18.07.2025 11:40
Кароолор: 274
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ЧҮЙ, ЫСЫК-КӨЛ, НАРЫН, ОШ ОБЛУСТАРЫНДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
2025-жылдын 19-июлунан 20-июлуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР