Жаңылыктар
20.03.2025 17:35
Кароолор: 386
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ЧҮЙ, ТАЛАС жана ТҮШТҮК ОБЛУСТАРЫНДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
Кыргызстанда 2025-жылдын 24-25-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Ошондой эле эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР