Жаңылыктар
17.04.2025 14:15
Кароолор: 465
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ЧҮЙ, ТАЛАС, ЫСЫК-КӨЛ, НАРЫН ОБЛУСТАРЫН 1-…-3 ГРАДУСКА ЧЕЙИН ҮШҮК ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
2025-жылдын 20-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратарын эскертет!
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР