Жаңылыктар
01.08.2025 17:02
Кароолор: 62
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: БИШКЕК жана ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ
Бүгүн, 1-августта жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР