Жаңылыктар
30.07.2025 20:27
Кароолор: 281
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: БИШКЕК жана ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ
Жакынкы 1 саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал.
Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы күтүлөт.
УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!
Мындай учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР