Жаңылыктар
15.07.2025 16:47
Кароолор: 202
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: БИШКЕК жана ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен каттуу шамал катталышы мүмкүн.
ӨКМ андай учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР